У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жарандарыбыздын кайдыгерлиги жугуштуу оорулардын жайылуусуна шарт түзүүдө

Бурул Жусурова, радиациялык коопсуздук жана эмгек гигиенасы бөлγмγн адиси:

«Жарандарыбыздын кайдыгерлиги жугуштуу оорулардын жайылуусуна шарт түзүүдө»

- Бурул Ташыбаевна маегибизди  чакан ишканаларда иштеп жаткан жарандарыбыздын саламаттыгы туурасында баштасак. Учурда жеке ишкерлердин өз жумушчуларынын саламаттыгына жасаган мамилеси сизди канаттандырабы?


- Бул суроо бүгүнкү күндө жүрөк өйүгөн эӊ маанилүү көйгөйлөрүбүздүн бири болуп турат. Себеби азыркы учурда биздин улан- кыздарыбыз абдан начар шартта иштеп жатышат. Иштеген жерлерде эч кандай шарттар тγзγлгөн эмес. Ишканалардын ичи чаң, муздак, кγн дээрлик тийбейт. Мына ошондой жерлерде биздин улуттун келечегин түзө турган жаш улан- кыздардын иштеп жатканына зээним кейит. Биздин жеке ишкерлер пайда табуунун гана жолун көздөбөстөн улуттун келечегин түзө турган жаштарыбыздын ден соолугуна да кайдыгер карабаса, жумушчуларды жумушка алып жатканда мыйзамды сыйлап аларды медициналык кароодон өткөрүп, ошол жумушка ден соолугу жарактууларын гана алса бизде көйгөйлөр аз болмок. Тилекке каршы, көп ишкерлер мыйзамды сыйлабайт, аткарбайт, жумушчулардын ден соолугуна кайдыгер мамиле жасашат.    Жыйынтыгында жумушчулар эч качан текшерγγдөн өтпөйт. Болбосо, жумуш бере турган тарап жумушка кабыл алып жаткан жарандарды медициналык көзөмөлдөн өткөрүп кабыл алуусу керек деген Өкмөттүн 225- токтому бар. Бир эле жолу өткөрүп койбой жыл сайын текшертип туруусу зарыл. Бул жугуштуу оорулардын  алдын алууга чоӊ мүмкүнчүлүк берет эле. 

- Ишканалардагы шарттардын начардыгы кандай жугуштуу оорулардын жайылуусуна себеп болууда?

- Көп ишканалар жер төлөөдө болгондуктан кγн тийбейт. Эртеден - кечке жарык көрбөй иштеген биздин жарандар өпкө оорусуна, сарык оорусуна көп чалдыгып жатат. Нымдуу жерде иштеп туберкулёз менен ооругандардын  саны өсγγдө. Бул оорулар жугуштуу формада да болот экенин жакшы билесиздер. Ал жерде бир канча адам иштейт. Алардын γй- бγлөсγ бар. Бир киши ооруса эле канча адамдын ден соолугуна коркунуч туулуп жатат. Биздин ишкерлер ушул жагын эске алып, эмгек келишим менен иштөөгө өтγшсө жакшы болмок. 

- Мыйзамга баш ийбеген жеке ишкерлерге кандай чараларды көрөсүздөр, балким, алардын жоопкерчилигин күчөтүү керек?   

- Биз оору чыккан ишканаларга айып пул салгандан башка эч нерсе кыла албайбыз. Алар айып пулду төлөшөт, иш жабылат. Себеби ооруп калган жарандарыбыз ишкананын жетекчисине арыз жазбаса биз сотко, прокуратурага кайрыла албайбыз. Сотко бергенден кийин деле алар кандай чечим кабыл алышат биз билбейбиз, жоопсуз калабыз. Эми бул мыйзамдын аткарылышы жумушчулардан көз каранды. Жумушчулар өз укуктарын билип, мыйзамдын негизинде эмгек келишим тγзγγгө ишкерлерди аргасыз кылса эле алардын ден соолугуна да кам көрγлмөк. Тилекке каршы, бизде эмгек келишими деген жок. Көп кичи ишканалардын жетекчилери жумушчулар менен эмгек келишим тγзбөйт. Анткени ал жоопкер болгусу келбейт. Кокустан бирөө жарым ооруп калса, муну тааныбайм, көргөн эмесмин деп танып кетет. Мына ушундай жагдай болбошу үчүн биз «Жумуш берген тарап, өз жумушчуларынын ден соолугуна толук жоопкер. Жумушчу ошол ишканада иштеп жүрүп оор ооруга чалдыгып калса анын дары- дармегине кеткен чыгымды ишкер толук төлөйт. Эгер ден соолугуна чоӊ зыян келип майып болуп калса, ишкер ал жумушчуга өмүр бою жөлөк пул төлөөгө милдетүү» деген мыйзамды кабыл алышыбыз керек болуп турат. Мына ушул нерсе гана ишкерлердин жоопкерчилигин күчөтөбү деп турам.

- Чакан ишканаларды текшерүүгө мораторийдин жарыяланышына эмне себеп болду эле?

- Ишкерлер ассоциациясынын «Улам – улам эле текшерүү келе берип, бизди иштетпей жатат» деген кайрылуусунун негизинде жана экономиканы көтөрүү максатында эки жылга мораторий жарыяланган. Эки жылдан бери биз ишканаларда иштеп жаткан жарандарыбыздын ден соолугунан кабар ала албай отурабыз. Текшерүүнүн арты менен  санитардык нормаларды сактабаган ишканалардын санын азайтып жаттык эле, азыр алардын баары өз билгенин кылып жатса керек.  Негизи эле бизге мораторийдин кереги жок эле. Биздин текшерүү экономикага эч кандай таасир этпейт. 

- Чет жерден келип кичи ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды коронавируска текшерип жатасыздарбы?

- Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирустун алдын алуу жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Чет жерге барып келген ар бир жаран медициналык текшерүүдөн өтүп, 14 күнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Бүгүнкү күндө аталган вирус менен ооруган адамдар бизде катталбагандыктан чакан ишканаларды текшерүүгө алган жокпуз. Ал эми кытай жарандары иштеген айрым ишканалар жумушчулардын жоктугуна байланыштуу азыр да иштебей турат. Биз алар менен тыгыз байланышта болуп, жумушчулардын Кытайдан келген- келбегенин текшерип жатабыз. Азырынча алар келе элек. 
Жаркынай Кадыркулова 

  



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter