У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын деми басыла элек...



Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок аймагында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чатак чыгып, чек арачылар атышып кетишкен. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда Мойнок аймагына Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол бербегендиги айтылган. 

Бирок Тажикстан тарап таптакыр башкача маалымат таратып, эки элдин ынтымагына доо кетирип, козутуу максатында иш жүргүзүп жатканы маалым болду. Алардын маалыматында  кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткен деп айтышкан.

"23-майдан тарта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок аймагына малын киргизип, жайып жиберүүгө аракет кылган. Тажикстандын Чек ара күчтөрү мыйзамсыз бул кадамдарды эки күн бою көрүп туруп, бирок ворухтуктарга карата эч кандай чара көргөн эмес. Жыйынтыгында кыргыз тараптын аскерлеринин мыйзамдуу талаптарына Тажикстан жактан Кыргызстанды көздөй ок чыгарышкан", — деп айтылат маалыматта.

Тажик тараптын мындай маалыматына КРдин Чек ара кызматы нааразылыгын билдирди.

"Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Чек ара күчтөрүнүн ЖМКларга бул чатак боюнча берген комментарийине таңгалгандыгын билдирет. Тажик тараптын мындай маанайдагы маалыматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ар кыл деструктивдүү күчтөрдү чагымчылдыкка алып барарын түшүнүшү керек", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин аталган аймактагы чатакты коңшулук жылуу мамиледе, эл аралык укуктардын жана эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында чечүүгө чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter