У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандыктан коронавирус аныкталганы айтылууда

Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алды.
Бул тууралуу World of Cruising Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстандын бир жана алардын арасында Жапониянын, Кытайдын, Австралиянын, АКШнын жарандары бар.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат такталып жатканын билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.
«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тарта Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат.
17-февралга карата коронавирус 70 548 адамга жукту. Ал эми андан өлгөндөрдүн саны 1770 кишиге жетти. Кытайдан башка 30 өлкөдө бул дартка чалдыккан 300 учур катталган. Алардын ичинен төртөө каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter