У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмаз Раимбеков: "Элге бекер нан бергенден кийин, бекер билим берүүнү да туура көрдүк"

"Элден элге бекер нан" долбоору аркылуу көптөгөн муктаж үй-бүлөлөргө нан таратып, кыйчалыш кырдаалда жардамга кол сунуп жүргөн кыргыздын  кайрымдуу уулдарынын бири Алмаз Раимбеков менен баарлаштык.


- Алмаз мырза, "Элден элге бекер нан" долбоорунун башталышы тууралуу айтсаңыз. Идея өзүңүздүкү экен, ишке ашыруу кандай болду?
-Карантин башталганы биз деле үйдө отурдук. Апрелдин башында интернеттен  түрктөрдүн "асылган нан" аттуу видеосун көрүп калдым. Идеясы абдан жакты! Жылда өз айылыма ун таратып койчумун. Мындай кырдаалда шаардын четиндеги конуштагылар кыйналып баштаганын көрдүм. Бурана айыл өкмөтүнө  чалып кабар алсам, жардамдар кенен келип баштады дейт. Анан досторум менен идеяны бөлүштүм. Алтымышев Тынчтык, Ашымов Руслан, Султанов Ильгиз, Абдраев Марат, Абдрахманов Марс досторубуз колдоп, ар бирибиз конуштардагы, Токмоктогу, Кеминдеги дүкөндөр менен сүйлөшүп баштадык. Тынчтык досум Мелис Турганбаевден  колдоо күтүп, ЖАМКдин наабайканаларынан бекер бышыртмай болдук. Ар бирибиз колубуздан келгенин ортого коюп баштадык! 6 конуштан баштап, ылдам эле элден колдоо таптык. Канададан Джон Врайт досубуз да колдоп, Жогорку Кеңештин аттуу-баштуу депутаттары да колдоду. Көптөгөн жөнөкөй мугалимдер, тургундарыбыз, досторубуз, дүкөндөрдүн ээлери да колунан келген жардамын берип жатышты. Колдобой койгондор да болду, чоң эле аттуу-баштууларыбыз жардам беребиз деп, 1 жумадан кийин аялдары аркылуу бере албай калдык деп коюшту. Унубуз калбай калган күндөрү Аллахыбыз бизге жок жерден, ойлобогон жерден жардам берип жатты. Бүгүнкү күндө  75000 нан, 300 ыктыярчы жана дүкөнчүлөр иштеп, 20 конуш жана 4 шаарда тараттык. 

-Карантин коомдун абалын жакшы эле сынагандай болду окшойт. Элдин калың катмарында муктаждар көп бекен? Элди аралап жүрүп кандай сезимде калдыңыз? 
-  Карантин баарыбыз үчүн сыноо жана ойлонто турган мезгил болду! Жашообузда кереги жок нерселер көп экенин түшүндүк. Үй-бүлөбүз  менен көбүрөөк болгонго, жашоонун баалуулуктарын туура баалай билгенге үйрөттү деп эсептейм. Каржылык сабатсыздыгыбызды, ар бирибиз үй-бүлөлүк  бюджетибизди карап чыгышыбыз керек экенин көрсөттү. "Балдарыбыз ачка" деген көптөгөн смстер келип жатты. Колубуздан келгенин кылуудабыз. Дүкөнчү  эжелер абдан кылдаттык менен муктаждарга таратып жатышты! Элге бекер нан бергенден кийин, бекер билим берүүнү чечтик.

Акысыз билим берүү тууралуу да айтсаңыз...
- Мен өзүм Кыргыз Экономикалык Университетин аяктагам. Ошондуктан университет менен тыгыз байланыштабыз. Жакшы окуган 10 алдыңкы студентке Ашымов Руслан досубуз экөөбүз стипендия берип турабыз. 1 айда 2 жолу жолугуп баарлашып, ойлорубузду бөлүшүп  турабыз. Алар менен биргеликте көчмө мектебин кышында сүйлөшкөн элек. Биз каржылык жактан жардам берип, 1 мектеп ачмакпыз, алар окутушмак. Абал конуштарыбыздын көбүнө көчмө мектептер керек экенин көрсөтүп жатпайбы. Бекер нандан кийин чоң жоопкерчилик алганды үйрөндүм! Күндө 2000 үй-бүлө күтүп тургандан кийин, адам өзү эле чыйрала баштайт экен. Кечке маал велосипед тээп бара жатып, көчмө мектеп тууралуу аябай ойлондум, негедир оюмдан чыкпай койду.  Токтоп эс алган жерим Билимкана болуптур.  Ошондо Курал Чокоев досум менен Тынчтык агабызга чалып оюмду айтып бердим, алар колдоду.  Кудай буйруса 1-сентябрга 5 көчмө  мектеп ачканга аракет кылабыз. Негизи кыялымда 10 мектеп ачсак деп ойлоп жүрөм. Англис,  орус тилдерин жана каржылык сабатсыздыкты жоюуга арналган ыкчам курстарды окутабыз деп кыялданып турабыз! Элдин көбү тил билбегендиктен, чет мамлекетте кара күч болуп иштеп жатышат. Оюбузда алар тил билип, өз жерибизден жумуш таппаса да, Россияда кара күч жумуштарын аткарбаса деген тилек. Эгер алар тилди билсе ОАЭ, Корея өңдүү мамлекеттерге барып, 3 эсе маяна акысы көбүрөөк, жылуу жерде иштесе деген үмүттөбүз. 

- Жеңиш күнү өзгөчө куттуктоо жасаптырсыздар...

- Куттуктообуз жакшы эле алкоого алынды окшойт. 8-май күнү кечке маал идея келип кетти. Даярдык аз болуп, каражатыбыз ченелүү болчу. Ошого карабай ардагерлерди жана шаар тургундарын креативдүү куттуктоо үчүн болгон аракетибизди кылдык. 

Фабула Пресс

















Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter