У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кылычбек Саркарбаев кызматтан убактылуу четтетилди


Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан убактылуу четтетилди. 
Учурда укук коргоо органдары Саркарбаевге каршы кайрылуу боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. 
Эске саал кетсек, 14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президентке видео кайрылуу жасаган. Анда ал Ошто Райым Матраимовдун кланынан коркуп жашап калганын айтып, Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын билдирген.
Ал өз сөзүндө Саркарбаев менен Раимбеков башына тапанча такап коркутуп, «ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп опузалаганын белгилейт. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири. Ал Райымдын өкүл баласы делген Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси болот. 
Бул окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: «Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Бизге каршы криминалдарды колдонуп жатышат», - деп актанган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter