У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге



– Гуламжан Сатбалдыевич, Сиздин банктарды кутуча боюнча маалымат берүүгө милдеттендирүүгө багыттал­ган буйругуңуз финансы тармагын кыйсыпыр түшүрдү. Айрым банк­тар ушундан кийин дароо 30 пайыз­га чейин клиенттеринен кол жууга­ны айтылууда. КСДПнын фракция­сынын лидери Иса Өмүркулов сиз­дин буйругуңуздан кийин ишкерлер банктардан 300 миллион доллардан ашык каражат чыгарып кетишкенин белгилеп, бул жагдайды мамлекетке жасалган чыккынчылык катары баа­лады. Өзүңүздү чыккынчы катары сезесизби же жөн гана иштин көзүн билбеген кемчилдигиңиздин кесепе­тиби?

Дегенибиз, банк кутучасында­гы сырды ээсинен башка эч ким бил­бөөгө тийиш эмеспи. Сиз болсо мен баарын билип турушум керек деген­дей, бирөөнүн төшөгүнө кол салган­дай эле кадам жасадыңыз? Бул жо­ругуңуз үчүн «сөгүп» эле койбостон иштен айдап, жоопкерчилигиңизди караш керек болчу да, туурабы? Эм­неге бийлик кескин чара көргөн жок деп ойлойсуз? Сиздин президент ме­нен туугандык байланышыңыз бар деген кептин чындыгы барбы? Эгер бар болсо, элди иренжиткен ишиңиз президентке көлөкө түшүрүп жатат деп эсептейсизби? Себеби Бакиев­дер дагы банк кутучасына чейин кол салууга батынышкан эмес. Сиз болсо кызылдай эле түндүктөн түшүп жата­сыз. Жамандын кесепети тиет деген кепке кошуласызбы?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter