У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте коронавирустан бир бейтап каза болду

Бүгүн, 22-апрелде түштөн кийин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында вирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
 
«Бейтап оорукана 5-апрелде келип түшкөн. Анын буга чейин өнөкөт оорулары болгон. Тактап айтсак, бейтап  кан басымы, кант диабети, жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн. Биз колдон келген бардык аракетти жасадык. Тилекке каршы, ал бүгүн саат 2:45 каза болду”, — деди Гүлжигит Аалиев. 
 
Ушул менен Кыргызстанда коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 8 адамга жетти.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter