У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиялуу маселелери тууралуу сунуш


         1. Башкаруу тармагынын, деги эле иш чөйрөсүнүн баардык деңгээлдеринде, тармагында иш кагаздарын жазуу, иш процессин уюштуруу мамлекеттик тилде болуусун камсыз кылуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилге которууну активдештирүү;
         2. Мамлекеттик тилдин келечегине кам көрүү максатында кескин, кечиктирилгис иш-чаралардын бири катары мамлекеттик тилде таалим-тарбия берген бала бакчаларды көбөйтүү, мындай бала бакчанын ачылып, иштеши өлкөдө артыкчылыктуу маселе катары каралып, анын мамлекеттик деңгээлде бардык жактан колдоого алынышына жетишүү, бул маселеге байланыштуу жеңилдиктер каралган укуктук нормаларды, азайтылган салык төлөмдөрүн, ушу сыяктуу өзгөчө талаптарды иштеп чыгуу жана аны ишке киргизүү;
         3. Мамлекеттик, улуттук идиологиялык негизги маселе катары бала бакча курагындагы тестиер балдар, мектеп окуучулары үчүн кыргыз элинин жомок, уламыш, тамсил, накыл, нускоо сөздөрүнүн, көөнөргүс элдик оозеки чыгармаларынын жана балдар акын-жазуучуларынын мыкты чыгармаларынын базасында таалим-тарбия берүүчү, балдарды өнүктүрүүчү, дүйнө таанытуучу теле берүүлөрдү, радио уктурууларды, интернет ресурсу катары таратууга жарактуу чакан онлайн материалдарды, кыска телефильмдерди, мультфильмдерди тарттырууну баштоо, өнүктүрүү; 
         4. Кыргыз мектептеринде жана окутуу кыргызча эмес мектептерде мамлекеттик тилди окутуунун концепциясын өзгөртүү, аталган маселеге карата окуу-методикалык комплексттерди жаңылоо, жакшыртуу, мамлекеттик тилди окутууда кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык каражаттарын да, ошондой эле кыргыз элинин рух дөөлөттөрүн, көөнөргүс, асыл үрп-адат, каада-салтын, таалим-тарбиясын, улуттук маданиятын кошо үйрөткөн, баланын кыргыз элине таандык жан дүйнөсүн калыптандырууга салым кошкон, коммуникативдик багыттагы, полифункционалдуу, натыйжалуу, жаңы муундагы окуу китептерин жазууну уюштуруу;
         5. Мамлекеттик тилди илим-билимдин, маданияттын, IT технологиянын тилине айландыруу масатында Кырызстанда иштеп жаткан баардык жогорку окуу жайларында, жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде бардык адистиктер боюнча бирден кыргыз группасын ачып, бардык тармакта жогорку кесиптик билимди кыргыз тилинде окутуу жөрөлгөсүн баштоо, аталган маселеге карата даярдыктарды көрүү, тиешелүү материалдык-техникалык, илимий-теориялык материалдарды даярдоо;
         6. Мамлекеттик тилди заманбап таризге келтирүүгө, модернизациялоого байланыштуу төмөндөгүдөй маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечүү зарыл:
         а). Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүүнү ишке ашыруу; (Бул багытта Манас-Түрк университетинде ф.и.к., доцент Аида Касиева изилдөө жүргүзүп жатат.)
         б). Мамлекеттик тилдин социалдык кадыр-баркын, беделин арттыруу, анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана атуулдардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу максатында «Кыргыз тестти» өркүндөтүү, мамлекеттик тилдин терминологиялык, ономасиологиялык маселелерин теске салууну, стандартташтырууну улантуу, аталган багытта кыргыз тилинде интернет ресурстарын көбөйтүү;
         в). Кыргыз тилинде жазылган тексттерди автоматтык түрдө которуу жана редакциялоо боюнча системдик технологияны өркүндөтүү, аталган багытта IT программаларын түзүү, аны ишке киргизүү;
         г). Жаңы, заманбап компьтердик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик тилди өз алдынча өздөштүрүү курстарын жана мамлекеттик тилди окутуп үйрөтүү боюнча онлайн портал түзүү жана ага тиешелүү тиркемелерди иштеп чыгуу;
         д). Кыргыз тилинин жалпыга жеткиликтүү жана өтө зарыл санарип контентин иштеп чыгуу, интернет торуна кыргыз тилинде сапаттуу видио, аудио материалдардын тексттерин жайгаштырууга багытталган онлайн долбоорлорду каржылап колдоо жана бул багыттагы иштерди өркүндөтүү;
         ж). Илим-билимдин баардык тармагында мамлекеттик тилде онлайн курстарды, аудио жана видио лекцияларды өткөрүүгө өбөлгө түзүү жана мындай материалдарды интернет айдыңына кеңири жайылтуу;
         з). Кыргыз акын-жазуучуларынын мыкты көркөм тексттерин, классикалык ырларын жана ар кайсы багытта көпчүлүккө пайдалуу кеп-кеңештерди аудио китеп түрүндө түзүү жана ал материалдарды интернет айдыңына таратуу;
         7. Мамлекеттик тилди жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн:
а) Радио, теледе берүүлөрдүн 65% зы мамлекеттик тилде болуусун камсыз кылуу;
б). Таанып билүүгө, жалпы адамзаттык маданий жөрөлгөлөрдү даңазалоого, ар кандай чарба иштерин өнүктүрүүгө багытталган чет тилдеги берүүлөрдү жана гумандуу таалим-тарбия материалдарын мамлекеттик тилге которуп көрсөтүүнү өркүндөтүү;
в). Бөлөк тилде өтүлүүчү теле берүүлөрдү мамлекеттик тилдеги субтитрлер менен камсыздоо маселесин чечүү;
г). Кыргызстанда иштеп жаткан телерадио компаниялардын кыргыз тил контентин өнүктүрүү, ар түрдүүлөө жана анын сапатын жакшыртуу;
8. Мамлекеттик тилди толук кандуу колдонууну ишке ашыруучу коомдук инфраструктураларда (башкаруу системасында, билим берүү мекемелеринде, табыгый жана гуманитардык, инженердик-техникалык, медициналык илим-билим жаатында, дипломатиялык мамилелер чөйрөсүндө, бизнес жана каржы секторунда, мезгилдүү басылмаларда, окутуу борборлорунда, телерадио компанияларда, китеп басма иштеринде ж.б.) мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жана анын сапатын жогорулатуу;
9. Кыргызстанда мамлекеттик тилди улуттар, этностор аралык жана эл аралык деңгээлде колдонууну өнүктүрүү ж.б.
 
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор 
Турусбек Маразыков


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter