У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте унаа уурдоого шектелген үч адам кармалды


Бишкекте унаа уурдоого шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 5 -сентябрда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал унаасын жуудуруу үчүн унаа жуучу жайга айдап барган. Ал жерде иштеген кызматкерлер унааны тазалап беребиз деп алып калып, уурдап кетишкен.
 
 Бул факты КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Автоунаа уурдоо" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Укук коргоо кызматкерлери унаа уурдоого үч шектүүнү кармашкан. Алардын экөө жашы жете элек, 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр болгон. Ата-энелеринин көзөмөлү менен алардын баш коргоо чарасы тандалган, үчүнчүсү (20 жаштагы шектүү Бишкектеги убактылуу тергөө абагына бир айга камакка алынды.
 
Уурдалган унаа Сокулук районунда болгон кырсыктан кийин бузулган абалда табылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter