У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан келин кайненесине чалып, турмушка чыгып кеткенин айткан


 Дайынсыз жоголгон 23 жаштагы О. кызы Б. кайненесине чалып, Жумгалга турмушка чыгып кеткенин айткан. Бул тууралуу келиндин кайненеси «Turmushка» билдирген. 
 
 Анын айтымында, келини Балыкчыга тиш доктурга көрүнүү үчүн барып, дайынсыз болуп жаткан. Ал милицияга арыз жазган.
 
«Мен Ысык-Көл районунун Кашат айылында турам. Уулум менен келиним Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында турушкан. Алардын бир жашар кызы бар. 5-апрелде келини курбусу менен Балыкчыга тиш доктурга кетип, кайтып келген эмес. Аны издеп, анан милицияга кайрылдык. Анын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарганбыз», -деди ал. 
 
Келини кийинчерээк өзү байланышка чыгып, турмушка чыгып кеткенин, учурда Жумгал районунда экендигин айткан. 
 
«Мен милициядан арызымды алган жокмун. Милиция кызматкерлери ал телефон чалган номурду алышты. Жумгал районуна барып алып келебиз дешти», - деди ал. 
 
Аял уулу 2019-жылы үйлөнгөнүн белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter