У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: «Кыргызстанга келген вакциналар менен калкты эмдөөдөн өткөрөбүз»


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 18-мартта түз эфирде билдирди.

Жакын арада Россиядан этап-этабы менен 500 миӊ Sputnik V вакцинасы келери күтүлүүдө. Россиядан вакцина алуу президент Садыр Жапаров Россияга расмий иш сапары менен барганда президент Владимир Путин менен жолугушууда гуманитардык негизде Кыргызстанга 500 миң «Sputnik V» вакцинасын бөлүп берүү боюнча келишим түзүлгөн.
 
Учурда вакцинаны жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Sputnik V» жана  «Синофарм»  вакциналары келери менен калкты коронавируска каршы эмдөө баштала турганын Саламаттыкты сактоо министри кошумчалады. 
 
«Экинчи жагынан, биз COVAX программасынан вакцина күтүп жатабыз. Кыргызстанга келген вакциналар менен калкты эмдөөдөн өткөрөбүз. Биз улуттук эмдөө программасын иштеп чыктык. Эмдөө программасы Кыргызстанга келе турган бардык вакциналарга тиешелүү. Эмдөө акысыз жана ыктыярдуу болот», - деди Бейшеналиев. 
 
Министрдин айтымында, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдө бир нече вакцина колдонулат жана эмдөө март айынын аягында же апрель айынын башында башталат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter