У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду


 Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.
 
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик сатып алууларда, лабораториялык текшерүүлөрдө коррупция аныкталган. 
 
Ошондой эле, департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттап экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдоп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан. 
 
Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан департаменттин жооптуу кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 8 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter