У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик тил жөнүндөгү өкмөттүн токтому күчүнө кирди

Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндөгү өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Токтомго мурдагы  премьер-министр Кубатбек Боронов 1 -октябрда кол койгон.  
 
 
Ага ылайык, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
 
1.-Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.-Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1)-Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2)-квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга берип турушсун. 
3.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программанын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип турсун.
4.-Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
 
2020-жылдын 1-октябры                                                                № 510
 
 
 
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө
 
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын
 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
 
1.-Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.-Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1)-Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2)-квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга берип турушсун. 
3.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программанын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип турсун.
4.-Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 
Премьер-министр                                                                        К.А.Боронов
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter