У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт башчы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү


 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. 
 
Жыйында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалган антикризистик чаралардын экинчи топтомуна кризистен кийинки мезгилде ата мекендик ишканаларды мамлекеттик колдоо максатында өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорун кураторлукка алуу механизми киргизилген.
 
Бул механизм ишканалардын маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүүгө, ошондой эле аларга өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режиминен кийин жагымдуу экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталды.  
 
Ишканаларга кураторлук кылууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине уюмдун финансылык жана башка ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү, таасири жана көзөмөл кылуусу жокко чыгарылары баса белгиленди. 
 
Кезектеги кеңешмеде «Металлкен», «Компания Мол Продукт», «НУР» ЖЧКларынын жана «Карабалта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору каралды.
 
Премьер-министр Кубатбек Боронов өндүрүш ишканаларын өз убагында ишке киришүүсү жана келечектеги ийгиликтүү иш-аракеттерин колдоонун көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 
 
«Ишканалардын белгиленген актуалдуу маселелери, аларды чечүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу керек. Анда этаптуу чаралар, жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү жана күтүлүп жаткан акыркы оң натыйжалар көрсөтүлүүгө тийиш.  Өндүрүш ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорду кураторлук кылуу компаниялардын ишине тоскоол болгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө багытталгандыгын белгилегим келет. Өкмөттүн иши бизнести колдоого, өлкөбүздүн аймактарында жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жумушсуздукту азайтууга көмөктөшкөн өндүрүш компанияларын өнүктүрүүгө, ошондой эле экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө жана ишкердик субъектилеринин ишин колдоого багытталган», - деди Өкмөт башчы. 
 
Кеңешменин соңунда бир катар тапшырмалар берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter