У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шашылыш билдирдүү: 26-27-августта нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү мүмкүн

26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жамгыр жаап, кээ бир райондордо катуу шамал жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, 26-27-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
 
27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter