У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ганси» авиабазасында жандандыруу бөлүмү ачылды

Мурунку аскер базасы "Гансиде" 112 орунга кычкылтек системасы орнотулуп жатат. Бул тууралуу 6-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. 
 
«Биз мурдагы «Ганси» авиабазасына жеӊил жана орто оор абалдагы бейтаптарды жөнөтүп жатканбыз. Бирок ошол бейтаптардын абалы оорлошуп кетип жатканына байланыштуу биз «Гансиде» жандандыруу бөлүмүн ачууну туура көрдүк. Учурда даярдыктар көрүлүп жатат. Ал жерде Улуттук онкология жана гематология, Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ошондой эле Чүй облустук ооруканасынын дарыгерлери иштешет. Ал эми бөлүмдү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анестезиология, реаниматология жана күчөтүлгөн терапия кафедрасынын жетекчиси Жамиля Чынгышова жетектеп жатат»,-деди Каратаев.   
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter