У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Киши өлтүрүүгө шектүү 3 жаран кармалды


23-июнь күнү Бишкек шаардык ИИББи боюнча Ленин районуна бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери болжол менен саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, 30-35 жаштагы киши колдуу болуп каза болгон белгисиз адамдын денеси жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн.  

Дароо тез жардам кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алып, милициянын кайгуул кызматы шектүүлөрдү издөөгө киришкен.
 
Бишкек шаардык ИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. кармалып, Ленин райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter