У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө 20,6 миллион долларга труба-шифер жана керамика чыгарган эки завод курулат...


Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында «Кант ТШИ»  (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында «Асыл-Таш» керамика заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. 

«Кант ТШИ» заводунун кеңейишине катышкан Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага — кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун жана «Кант ТШИ» заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи. 

Заводдун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы $12.1 млн түзсө, анын $8.5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана  өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.  

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ошондой эле, «Асыл таш» керамика» заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 млндон ашкан өлкө калкынын 60%ын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter