У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурбек Абдиев депутаттарга Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат берди


  Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттарга Кадамжай районундагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат берди.
 
Анын айтымында, маркум үч ай мурун кармалгандардын бири менен телефон аркылуу таанышып, сүйлɵшүп жүргɵн.  Ошол күнү кызды эртең мененки саат 8:00дө алдап чакырып, андан соң күч менен машинага салып, айылдын четине алып кетишкен. Зордуктоодон кийин кылмышкерлер аны өлтүрүп, сөөгүн Ош-Раззаков жолунун 146-чакырымындагы тоннелге таштап кетишкен.
 
Маркум ымыркай кезинен бери Таш-Дөбө айылында таенеси менен чогуу жашаган. Сегиз айлык кезинде ата-энеси Орусияга иштегени кеткен. Ал мектепте жакшы окуган.
 
Бул иш боюнча шектүү катары коңшу айылдын үч тургуну жана Ирелеш айылынын 11-классынын окуучусу кармалган. Камакка алынгандардын өздүгү видеокөзөмөл камераларынын негизинде аныкталган. Алар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп, жыйынтыгы күтүлүүдө.
 
Ошондой эле, милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter