У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамкурулуштун жетекчиси жаңы объектилерди курууга мораторий киргизүүнү сунуштады


Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев учурда башталган курулуш иштери аяктаганча мамлекеттин эсебинен курула турган социалдык объектилерди курууга жана оңдоого мораторий киргизүүнү сунуштады.
 
Ал 9-сентябрдагы “Ишеним” фракциясынын жыйынында билдиргендей, учурда Кыргызстанда 396 узак мөөнөттүү курулуш объектилери бар.
 
"Жакында кыш. Балдар үч нөөмөт менен окууга аргасыз. Бүтпөгөн курулуштар бүткүчө жаңы объектилерди куруунун тизмесин кароого мораторий киргизүүнү сунуштайм. Ай сайын тизмеге акча жетишсиз болгон жаңы объектилер кирет. Курулуш иштери 4-5 жылга созулуп жатат. Ошентип, узак мөөнөттүү курулуш көбөйөт. Мен министрлер кабинетине комиссия түзүп, депутаттар менен биргеликте аймактарды кыдырып, артыкчылыктуу объектилерди белгилеп, тизме түзүүнү сунуштадым», - деди Нуртазин Жетыбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter