У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Жерүй» кенинин стратегиялык мааниси артты, аксакалдар «Альянс Алтынга» ыраазы...


Азыркы тапта ири өндүрүштүн бири болгон «Жерүй» кенин туруктуу иштетип, өлкө экономикасына олуттуу салым кошуп жаткан «Альянс Алтын» компаниясы болуп жатат. Учурда, Кыргызстандагы 500 башка компаниялардын ичинен алдыңкы он салык төлөөчүнүн катарына кирди.
 
«Альянс Алтын» компаниясы 2019-жылы тоо кен өндүрүш иштерин колго алып, калдык сактоочу жайды куруп, алтын ылгоочу фабриканы толук кандуу ишке киргизгенден бери «Жерүй» кенинин стратегиялык мааниси артты.
 
Бүгүнкү күндө «Жерүй» мамлекетибиздеги бирден-бир алдыӊкы заманбап технология менен иштеген, экологияга зыянын тийгизбеген, экономикалык ири долбоор болгонуна күбө болуудабыз. 
 
Мына «Жерүй» кени расмий ишке киргенден тартып "Альянс Алтын" компаниясы 2022-жылдын 30-июнуна чейин 5052 кг алтын өндүргөн. Кыргызстандын бюджетине 13,2 миллиард сом төккөн. Быйыл жыл аягына чейин компания «Жерүйдөн» 1 миллион 79 миң тонна руда казып алып, 3996 кг аффинаждалган алтын өндүрүүнү пландоодо. 
 
Август айына карата “Альянс Алтын” ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 7,6 миллиард сом салык түрүндө которду, анын ичинен өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат 4,9 млрд сомду түздү. 
 
Ошондой эле, Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 513 млн 899 миң сом төлөгөн, анын ичинен: 
Талас облусун өнүктүрүү фонду – 256млн 949 миң сом;
Талас районунун өнүктүрүү фонду- 154 млн 169 миң сом;
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду- 102 млн 779 миң сом бөлүнгөн. 
 
Арийне, «Жерүй» кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди так сактоо менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү учурга чейин адистер кен ишканасына жакын жайгашкан дарыяларды тынымсыз текшерүүгө алып турушат. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулу заттар табылган учурлары катталган эмес. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды. 
 
Буга жакында эле Талас облусунун аксакалдары «Альянс Алтын» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, «Жерүй» кениндеги экологиялык абалдын баардык талаптарга жооп бере турганына күбө болушуп, ыраазы болушканын мисал катары айтсак ашыкча болбойт. 
 
Тактап айтканда, «Жерүй» ишканасынын өндүрүш участогуна Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Алтай Бөрүбаев, Талас облусунун мурунку губернатору Искендер Айдаралиев, «легендарлуу» парламенттин депутаты Бексултан Ишимов, КР Курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев жана коомдук ишмерлер Камалдин Базаркулов, Жеңиш Миңбаев жана Нурлан Карыпкуловдор келип кетишти. Алар негизги өндүрүш объектилерин, калдык сактоочу жайдагы курулуш материалдарын, алтын ылгоочу комбинатты көрүп чыгышты. 

Аксакалдар алтын иштетүүчү фабрика жаңы технологиялар менен иштерин жана алтынды ылгоодон чыккан калдыктарды сактоочу жайдагы коопсуздук чаралары дүйнөлүк стандарттарга жооп берерин өз көздөрү менен көрүп, ыраазы болушту. 
 
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Искендер Айдаралиев: «Биз, Талас облусунун аксакалдары, кен өндүрүшү менен таанышуу үчүн «Жерүй» кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» ишканасына кайрылганбыз. Бүгүн, минтип заманбап заводду көрүп турабыз. Калдыктар кургак түрүндө сакталат экенине күбө болуп отурабыз. Алтындан түшкөн каражаттарга көптөгөн жакшы иштерди жасоого болот. Мындан бир облус гана эмес, бүтүндөй мамлекет утушка ээ болот», - деп, бул кенди иштетүү менен Талас облусунун экономикалык статусун кадыресе жогорку деӊгээлге көтөрүп алууга мүмкүн экендигин белгиледи. 
 
Ал эми окумуштуу, илимпоз-академик Алтай Бөрүбаев: «Ушул жерде Кара-Ой айылында менин балалыгым өткөн. «Жерүй» Талас элинин, Кыргыз мамлекетенин ырыскысына буюрган чоӊ кендин бири. Мына мамлекет үчүн ири көлөмдө салык төлөп, экономиканын өсүшүн камсыздап жаткан бирден-бир заманбап өндүрүш десем жарашат. Талас облусунун социалдык маселелеринин чечилишине дагы көптөгөн жарыгы тийип жатканын көрүп жатабыз. Биздин бул жакка келгенибиздин максаты экологиянын корголушуна көӊүл буруу эле. Кен ачылгандан тарта эл менен жаратылышка терс таасирин тийгизбесе экен деп үмүттөнгөм. Бүгүн фабрика менен калдык сактоочу жайды көргөндөн кийин толугу менен көзүм жетти. Фабрика жаңы жабдуулар менен камтылган, ал эми калдык сактоочу жай коопсуз экен», - деген жакшы ниетин билдирди. 
 
Кереге кеңеш учурунда аксакалдар «Альянс Алтын» ишканасынын сунуштаган Талас облусун өнүктүрүүнүн стратегиялык планы менен таанышып, жетекчилик тарабынан кызыккан суроолоруна жооп алышты. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Талас облусу дотациядан чыгып, кирешеси 2 млрд. 800 млн. сомго өсүп, облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 400дөн ашык долбоор ишке ашканын кубатташты. 
 
Курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев: «Жерүй иштетилип баштагандан берки мамлекетке төлөнгөн салыктардын суммасын, иш орундарын көрүп сүйүнүп жатам. Экологиялык жактан алганда дагы, кенди жаӊы технология менен коопсуз иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгүнө көӊүл толду. Себеби, алтындан чыккан калдыктар кургак түрдө коопсуз сакталаарын өз көзүм менен көрдүм. Ал түгүл рудданын талкалап иштетүүдө фабрикадан чаӊ сыртка чыкпайт экен. Бул аябай мыкты технология да. Экономикалык көрсөткүчтөрү дагы мыкты экен. Ал эми келечектеги Талас облусунда аткарыла турган стратегиялык план мага абдан жакты. Эгер ишке аша турган болсо, Талас облусу эң өнүккөн аймактардын бири болот. Компаниянын бул кадамы мактоого татырлык», - деген алкоосун жашыра алган жок. Планды талкууга алгандан соң аксакалдар ага оң баасын берип, бир жааттан колдоого аларын билдиришти. 
 
Белгилей кетчү жагдай, аксакалдардын «Жерүй» кенине болгон иш сапары Металлургдар күнүнө карата «Жерүй» кенинде иштеген кызматкерлерге «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан уюштурулган спартакиадага туш болгондуктан, спроттук оюндардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине дагы катышышты.
 
Тактап айтканда, футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, чоюн шар көтөрүү, ордо жана аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, ага 200дөн ашык киши катышты. Мелдештин байге фонду 505 миң сомду түзүп, командалык мелдеште биринчилик үчүн 100 миң, жеке таймаштар үчүн 8 миң сом байге берилди. Спартакиадада спорт федерацияларынын кесипкөй калыстары калыстык кылышты. 
 
Спартакиада сергек жашоо образын жайылтуу жана эмгек жамааты ичинде жолдоштук духту бекемдөө максатында өткөрүлдү. Ири ишканаларда кээ бир кызматкерлер бири-бирин тааныбай калган учурлар болгондуктан, мелдеш учурунда «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери бири-бири менен таанышууга жана жаңы досторду табууга, кесиптик жана спорттук тажрыйбасын алмашууга мүмкүндүк алышты. 
 
Азыркы учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 759 кызматкер иштейт. Алардын 60%, башкача айтканда 475и Талас облусунун тургундары болсо, Бекмолдо айыл өкмөтүнөн – 200 кызматкер, Бишкек шаарынан - 99 кызматкер, башка аймактардан – 182 кызматкер эмгектенишет. Подряддык компанияларда эмгектенген кызматкерлерди кошкондо 1400дөй кызматкер “Жерүй” кенинде жумуш орду менен камсыз болушкан. 
 
Жаркынай Кадыркулова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter