У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Альянс Алтын" компаниясынын аткарып жаткан алгылыктуу иштери...


“Жерүй” кени ачылып иштей баштагандан бери “”Альянс Алтын” ишканасы экономикалык, социалдык, ишкерлик багытта Талас облусуна тынымсыз ар түрдүү жардамдарды берип келе жатат. 

2022-жылдын май айына карата "Альянс Алтын" ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 миллиард сом төктү. 

Андан сырткары компания "Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого" беренеси боюнча 391 576 751 сом которду. Бул каражат Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 195, 7 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна - 117,4 миллион сом жана алтын кен жайгашкан Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна - 78,3 миллион сомдон бөлүндү.

Азыркы учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облустан тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201ри тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча "Альянс Алтын" ишканасына ишке алынды. 

Бүгүнкү күндө жогорудагы 707 кызматкерге подряддык компанияларда эмгектенген кызматкерлерди кошкондо 1400дөй кызматкер “Жерүй” кенинде жумуш орду менен камсыз болушкан. 
 
Ошондой эле, "Альянс Алтын" компаниясынын алдында уюшулган «Альянс Алтын» (мурунку “Бакубат Талас”) фондусуна жети жылдын ичинде 750 миллион сом бөлүнүп, облустун социалдык-экономикалык 441 долбоор жактырылып, ишке ашкан.
 
Фонддун каржылык колдоосу менен 2021- жылы облуска санариптик маммографиялык аппарат келген. Азыркы убакка чейин 600дөн ашык аял текшерүүдөн өткөн. 3 ай техникалык себептерге байланыштуу иштебей турган аппарат бүгүнкү күндө кайрадан ишке кирген. 

Мындан сырткары, "Альянс Алтын" компаниясы Талас райондук ички иштер бөлүмүнө 4 322 000 сом жардам көргөзүп, аталган мекеменин имаратынын чатырын алмаштырып, ичине ремонт жасап, оргтехникалык жабуудулар менен жабдып, кызматтык унаа сатып берген. Мындай жардамдын берилиши милиция кызматкерлеринин кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштөө шартын жакшыртып, кызматтык атмосферанын жагымдуулугун артырат.
 
Дагы бир «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан ар дайым олуттуу көӊүл бурулган тармак экология болуп саналат. Мына май айында эле ишкананын колдоосу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан иш аракетинин алкагында 2,5 млн сомго атайын Алтай Республикасынан 35 марал алынып келинип, Талас районундагы Беш-Таш коругуна кое берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter