У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Альянс Алтын" ЖЧКсы "Менин келечектеги кесибим" аталышындагы конкурс жарыялайт…


Конкурс балдар арасында өткөрүлүп, ага "Альянс Алтын" компаниясынын кызматкерлеринин балдары катыша алат. Ошондой эле ар жылы белгиленүүчү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлөт.

Конкурсту өткөрүүнүн негизги максаты - балдарды кен казуу ишинин тарыхын изилдөөгө кызыктыруу, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өөрчүтүү жана көркөм сүрөт өнөрүндөгү таланттуу балдарды колдоо, ошондой эле кызматкерге шык берүүчү шарттарды түзүү, корпоративдик духту жана үй-бүлө рухун көтөрүү болуп саналат.

Конкурсту өткөрүү убактылары:

Сүрөттөрдү кабыл алуунун мөөнөтү - 2022-жылдын 16-майынан 27-майга чейин.
Конкурсту жыйынтыгын чыгаруу - 2022-жылдын 30-майы.
Жеңичүүнү аныктоо жана сыйлык тапшыруу аземи - 2022-жылдын 1-июнунда болот.

Бардык сүрөттөр кагаз түрүндө жана электрондук түрдө, ошондой эле фото сүрөт түрүндө kubulova@alliance-altyn.kg электрондук дареги боюнча кабыл алынат же 0995 19 02 91 WhatsApp номуруна жөнөтүүгө болот.

Конкурстун катышуучулары: биринчи кичүү топ - 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар; экинчи топ - 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар.

Конкурсту өткөрүүнүн шарттары:
Ар бир катышуучу бир гана (1 даана) сүрөт менен катыша алат. Конкурстук иш катуу кагазга тартылган болушу керек. Живопись жана графика түрүндө тартылып, гель калем, тушь, майлуу, акварелдик боёкторду, түстүү карандаштарды, гуашь, көмүр ж.б. сыяктуу ар кыл сүрөт тартуучу материалдарды колдонууга болот. Сүрөттүн төмөндөгү сол бурчуна - сүрөттүн аталышы, баланын толук аты-жөнү жана жашы жазылат. Сүрөт конкурстун тематикасына шайкеш келиши керек. Башка бирөөнүн сүрөтүн көчүрүп алууга, чаптагычтарды жана фото сүрөттөрдү жабыштырууга болбойт. Сүрөт тартууда ата-энелердин кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Эреже бузуулар катталган учурда катышуучу автоматтык түрдө конкурстан чыгарылат. Жана ошондой эле иш-чара аяктагандан кийин сүрөттөр уюштуруучулар тобунда калат.

Комиссиянын конкурстук сүрөттөрдү баалоо критерийлери:
- конкурстун тематикалык багытына шайкеш келүүсү;
- чыгармачылык идеянын жана иштин аткаруунун оригиналдуулугу;
- иштин сапаты (композиция, түскө байланышкан чечим, шөкөттөө).

Жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби:

2022-жылдын 16-майынан 27-майына чейин түшкөн бардык сүрөттөргө карай, 2022-жылдын 30-майындагы жыйынтык чыгаруучу күнү конкурстук комиссия балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карай ар бир категориядан үч байгелүү орунду тандап алат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter