У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Жерүй» кенинде экологиялык текшерүүлөр болуп, жыйынтыгы таза чыкты


«Жерүй» алтын кени тараптан аккан суудан Илимдер академиясы тарабынан биолабораториялык жана биохимиялык атайын текшерүүлөр болуп, суунун курамы таза экенин билдиришти. 

Буга чейин күндүн ысышы менен ал жерде аккан суулар кирдеп кеткен, ошонун негизинде да текшерүүлөр жүргөн. Жыйынтыгында бул табигый көрүнүш экенинин эсксперттер эскертип, текшерүүдөн кийин коркунуч жок экенин айтышты. 

«Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 6-апрелинде Кыргызстандын метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык күн болуп, абанын температурасы нормадан 10,5°С жогору көтөрүлгөн. Бул табигый аномалия Жерүй дарыясынын түштүк тарабында кардын кескин эришине алып келген. Катуу жаан-чачындар менен коштолгон мезгилдик интенсивдүү эрүү суу ташкындарын пайда кылып, биринчи сел Жерүй дарыясында башталып, андан кийин Талас дарыясынын бассейнинин каптап, кийин калган дарыяларын: Кең-Кол, Үч-Кошой ж.б. Чоң-Чычкан, Туз-Ашуу жана андан ары Таласка чейин дарыяларды камтыган. 
 
 Маалымат каражаттарындагы жазгы суу ташкындары менен дарыялардын булганышын тасмага тартуу жарыялангандан кийин Жерүй, Чоң-Чычкан, Туш-Ашуу жана Үч-Кошой дарыяларындагы суунун сапаты Талас райондор аралык оорулар борборунун санитардык-гигиеналык лабораториясы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерүүгө алынган. Сегиз контролдук участоктон алынган суунун үлгүлөрү дарыядагы суунун сапаты колдонуудагы стандарттарга шайкештиги текшерилди;
 - санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана санитардык-гигиеналык лабораториясынын анализдеринин жыйынтыгы боюнча дарыяларда физикалык-химиялык булгануулар жана уулуу заттар табылган жок. Органолептикалык жана органикалык эмес көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилген максималдуу концентрация нормадан ашыкча болгон эмес. Суунун сапаты суу ташкын мезгилине мүнөздүү табигый ченемдерге ылайык келет.
 
Ошондой эле, 2022-жылдын 15-май күнү тоо этектеринде таштанды калдыктары жатат деген видео тараган. "Альянс Алтын" компаниясы ал видеого тез эле реакция кылып, таштандыны өз учурунда тазалаган.


Натыйжада "Альянс Алтын" компаниясы менен келишимдик негизде таштанды тазалоо боюнча иштеген тараптарга кызматтык иликтөө башталды.

Компания ар дайым экологиялык маселеге өтө олуттуу мамиле кылат. Кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо, кечиктирбестен өз убагында маселени чечүүдө ыкчам иш аракеттерди жүргүзөт.  "Альянс Алтын" компаниясынын эӊ негизи талаптарынын бири – экологияны таза сактоо жана ага камкордук көрүү болуп саналат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter