У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Айыл Банк» аркылуу 2489 дыйкандарга 1 миллиард 427 миллион сом кредиттер берилди


«Айыл Банк» ААКсы тарабынан фермерлерге өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактары боюнча “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу 6 пайыздык кредиттер берилүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылынын 12-январындагы №3-т тескемеси менен бекитилген.

Ушул долбоор аркылуу алгач 1,8 миллиард сом бөлүнгөн. Бул сумманын 50% мал чарбасына, 25% чейин жер иштетүүгө, 25% кем эмес айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн берилип жатат. 

2022-жылдын 10-майына карата 1 миллиард 427 миллион сом, 2489 дыйкандарга кредиттер берилди.
Тармактар Бөлүндү БерилдиСаны
Мал чарбасы900 млн. сом839,3 млн. сом1461
Өсүмдүк өстүрүү387,1 млн. сом429,0 млн. сом957
Кайра иштетүү512,8 млн. сом158,9 млн. сом71
Бардыгы: 1,8 млрд.сом1 427,2 млн.сом 2 489
 
2021-жылы электрондук кезекке 8921 кардар 6,9 млрд. сомго катталса, ал эми 2022-жылы 20 203 кардар 15,5 млрд. сомго катталган, башкача айтканда, кредит алуучулардын саны 125 % көбөйгөн. Буга байланыштуу, 2022-жылдын 28-апрелдеги Банк менен Каржы министрлигинин ортосунда түзүлгөн кошумча келишимге ылайык, дагы 480 млн. сом бөлүндү.

Электрондук кезекке туруу боюнча айта кетсек, дыйкандар январь айынын биринчи иш күнүнөн баштап паспорту менен “Айыл Банк” ААКсынын кеңселерине келип, кезекке каттала башташат. Катталган кардарларга качан, канчанчы болуп кезекке турганы тууралуу талон берилет. Бул долбоор боюнча каржылоо башталганда, Банк кызматкерлери кезек боюнча кардарларды чакырышат. Кредиттер ушул электрондук журналга катталган кезек менен гана берилет.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25-январь 2022-жылдын № 24-т тескемеси менен «Айыл Банк» ААКсы быйыл биринчи жолу “Товардык кредит” долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор боюнча дыйкандарга үрөндөр берилип жатат. “Жаздын бир күнү жылды багат” демекчи, дыйкандар жазгы талаа-иштерин өз убагында бүтүрүш үчүн, Банк кызматкерлери иш убактысынан сырткары жана дем алыш күндөрү дагы иштешти. 
 Келгени (тонна)Суммасы
Үрөөн 6278,52328 176 463 сом
Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылдын 19 -апрелинде дагы кошумча элита жана биринчи репродукциядагы 128 тонна арпа, 26-апрелде 400 тонна буудай келди жана райондорго бөлүндү. 

Кредит. саны

Саны  кг. менен

суммасы

Жактырылды

1 540

746 914

38 286 692

Кредитке берилди

6 207

3 939 816

203 991 120

Нак акчага сатылды

950

428 450

21 593 639

Баардыгы:

8 697

5 115 180

263 871 451

Калганы:

 

163 340 кг.

64 305 012 сом.

Ал эми, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору боюнча  дыйкандарга кеңеш берип, документтерин кабыл алып, кредиттерди берүү иши кызуу жүрүүдө.   

Урматтуу дыйкандар жана фермерлер, биз Сиздерге ар дайым ачыкпыз жана колдоого даярбыз. “Айыл Банк” Сизге жакын!





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter