У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 25 жаштагы кызды бычактаган жигит өз жанын кыюуга аракет кылган


Бишкекте 25 жаштагы жигит өзү теӊдүү кызды өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсык 4-майда Чүй проспектисиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери 1997-жылы туулган Ч.Д., кызганычтын айынан 1997-жылы туулган сүйлөшкөн кызы Д.А.нын кекиртегине бычак сайганын аныкташкан. Шектүү кызды мууздап, андан кийин өзүнө бычак сайган. 

Ооруканага бара жаткан жолдо кыз каза болуп, жигит Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген. 

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter