У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта 300 орундуу бала бакча бош турат

 
Сокулук районунун Селекция айылында 300 орундуу бала бакча оӊдоп -түзөөгө каражаттын жоктугунан иштебей бош турат. Бул тууралуу депутат Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра айыл өкмөттүн балансына кайтарылган.
 
«Бала бакча 1985-жылы курулган. Эки кабаттуу, 300 орундуу. Оңдоо үчүн бир аз акча талап кылынат. Бирок 2019-жылдан бери акча бөлүнгөн эмес. Азыр бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча сындар, даттануулар көп. Бош турган бала бакчаны оңдоп-түзөөдөн өтүп, райондогу бала бакчалардын жетишсиздик көйгөйүн бир аз жеңилдетсе болот», - деди эл өкүлү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter