У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мал багып жүргөн 13 жаштагы өспүрүмдү тоногоо шектелип үч жаран кармалды


Каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, кылмыш 3-апрелде Сокулук районунун Кашка-Баш айылында болгон. Ал күнү 13 жаштагы өспүрүм мал багып жүргөн. Саат 15:40 чамасында жайлоого “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү унаа келип, андан үч жигит түшкөн. Бычак менен коркутуп, өспүрүмдүн уюлдук телефонун тартып алышып, из жашырып кетишкен.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (каракчылык) менен каттоого алынган.
 
Чүй облусунун ИИБнын жана Сокулук РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 20 жаштагы И.А., 27 жаштагы Н.Э. жана 16 жаштагы О.Д. кармалган. Экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, сот аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter