У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро бөлөт


 2022-жылдын 6-апрелинде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, аталган макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.
 
Европа Биримдигинин жардамы Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter