У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандыктар сезондук айыл чарба иштерин жүргүзүү боюнча британдык программага катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты


 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда Кыргызстандын жарандарына Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумушчуларынын мамлекеттик программасына катышуу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.
 
Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт.
 
«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер Кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», - деди ал.
 
Белгиленгендей, программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.
 
2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген, анын алкагында Улуу Британиядагы айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт, ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары ишке тартылат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter