У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмоктогу көмүр мафиясын тиешелүү органдар териштирип чара көрүшү керек


Быйылкы кыш жылуу болду. Ошого карабастан көмүрдүн баасы асман чапчып, элдин нааразычылыгын жаратты. Президент өзү баш болуп элге жеңилдик болсун деп жатса, айрымдар мамлекет башчысынын ишине саботаж жасап, кыянаттык кылган көрүнүштөр болбой койгон жок. Мындай фактылардын бири катары Токмоктогу көмүр мафиясын айтсак жарашат. 

Журналисттер Токмок шаарынын тургундарынын көмүр сатуучулардын үстүнөн арызданган нааразычылыгын иликтеп, чуулгандуу көмүр сатуучу жайлардын бирин текшерип, мыйзамды уруп ойнобой, муниципалдык жерди менчигиндей пайдаланып, элге кыянаттык кылгандардын бетин ачышты. 

Журналисттер көмүрдү тесттик негизде сатып алууларды жүргүзүп, дилерлердин алдамчылыгына күбө болушту. Маселен, төрт тонна көмүрдөн дээрлик бир тоннага чейин жетпей калган. 


Көмүр сатуучу пункттун ээси менен сүйлөшүү учурунда Маликжан Камалходжаев бул аймактын такыр эле ээси эмес экени белгилүү болду. Аймактын баары жергиликтүү муниципалитеттин карамагында. Камалходжаев бул аймакты 20 жылдан ашык убакыттан бери ээлеп, ал жерде коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзөт. Бирок анын айтымында эч кандай документтери жок.

Көмүр эркин сатылган аймак муниципалитетке тиешелүү экенин Токмок шаарынын ЭМБда тастыктады. Бирок алар эч нерсе кыла алышпайт. Себеби, сот процесси кызыкдар тараптардын пайдасына жасалма создуктурулуп келе жатканына бир жылдан ашык убакыт болгон.
 
Белгилей кетсек, көмүр сатуучу жай Токмок шаарынын жалгыз темир жол четинде жайгашканы менен ал жерде болуп жаткан мыйзамсыздыктардан “Кыргызтемиржол” ишканасы кабардар эмес.

Бул жагдайды Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кызыкчылыгы жок болсо тартипке салышы керек. Ошондой эле, укук коргоо органдары бул аймакты тыкыр текшерип, бюджетке эч кандай төлөмсүз өз кызыкчылыгы үчүн муниципалдык жерлерди менчигиндей пайдаланып, элге көмүр сатууда көзбоёмоочулук кылгандардын жоопкерчилигин тыкыр иликтеп, мыйзам чегинде укуктук баа берип, тиешелүү чара көрүшү милдет.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter