У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Диетолог жүрөккө пайдалуу азыктарды атады…


 Британиялык диетолог Ян Марбер тамак-аштын жүрөк-кан тамыр системасына оң да, терс да таасири бар экенин айтты. Ал жүрөктүн иштешин чыңдоочу эң мыкты азыктарды атады. Бул тууралуу “Медик форум” билдирди.
 
Биринчи кезекте, зарыл болгон азыктарынын ичинен шпинаттын жүрөккө пайдалуулугун айтса болот. Эксперттин айтымында, ал магний менен калийдин жакшы булагы болуп саналат, ал кан басымын нормалдуу кармап турууга, инфаркт жана инсульт коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет. Антиоксидантка бай мөмөлөр сезгенүүдөн сактайт, ал эми сарымсак жана пияз холестериндин деңгээлин ооздуктоого жардам берет.
 
Ошондой эле дан, буурчак, жашылчалар же козу карындар сыяктуу клетчаткага бай тамак-аштар буга жардам берет. Мындан тышкары, алар туруктуу глюкоза көлөмүн сактоого жардам берет. Жүрөккө майлуу балык абдан пайдалуу. Анын курамында холестериндин нормалдуу деңгээлин жана кан басымын түзүүчү омега-3 майлары бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter