У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муздаткычы бар үй-бүлө балдарына жөлөк пул ала алабы? Министрликтин жообу…


     
Балдарга жөлөк пул алууда муздаткыч үй-бүлөнүн кирешеси катары саналбайт. Бул тууралуу “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
 
Анын айтымында, беш жыл мурун жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешесин баалоо критерийлери өзгөргөн.
 
«Муздаткыч, пенсия үй-бүлөнүн кирешеси катары каралбай калды. Биз аны жокко чыгардык. Бирок эл буга көнүп калган, башка себептер менен жөлөк пуо албай калса да муздаткычка байланыштуу жөлөк пул албай жатабыз деп айта башташат. Азыр жөлөк пул алууда 20га чейин кой, 3 уй, 3 тайга уруксат берилди», - деди министр.
 
Анын айтымында, бир жылда «үй- бүлөгө көмөк» жөлөк пулуна 4 миллиард 200 миллион сом бөлүнгөн. Аны 110 миң үй-бүлө алат.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун кандай бүлөлөр ала алат?

16 жашка чейинки балдары бар, үйдө бир адамга бир айлык кирешеси 1000 сомдон төмөн тийген үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алат.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алууга арыз жазуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Азыркы тапта жашап жаткан аймагындагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл.
Жөлөк пулду алууда бүлөнүн кайсы кирешелери эсепке алынат?

Айлык акысы, стипендия, ишкерликтен түшкөн киреше (салык органдарынын маалыматынын негизинде), жер, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн киреше эсепке алынат. Ал тиешелүү мамлекеттик орган жана айыл өкмөтүнүн маалыматынын негизинде эсептелет.

Кайсы кирешеси эсепке алынбайт?
Пенсиянын бардык түрлөрү, мамлекеттик жөлөк пулдар, сөөк коюу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар эсепке алынбайт. Ошондой эле жумушсуздук боюнча жөлөк пул да эсептелбейт.

Үй, автоунаа дагы эсептелеби?
Жөлөк пул алчу үй-бүлөнүн үйү, турак жайы бар-жогу жөлөк пул берүүдө эске алынбайт.
Транспорт каражаттарынан заводдон чыккан жылын кошкондо 20 жылдан кем эмес колдонулган, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 жана андан ашык куб сантиметр болгон, иштеп турган жеңил автоунаа, трактор, комбайн, оор жүк ташуучу унаа жана кичи автобусу эсепке алынат.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 16 жашка чейин ар бир бала үчүн 810 сомду түзөт. Эгерде арыз жазган бүлө бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт. Башкача айтканда, аларга акча көбүрөөк чыгат.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керек?
Жөлөк пул ала турган арыз ээси райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына паспортун, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым кат алып барат. Эгерде туруктуу бир жерде иштесе, иштеген жеринен айлык акысы тууралуу маалым кат керек. Калган керектүү документтерди кызматкерлер "Түндүк" мамлекеттик системасы аркылуу чогултуп алышат.

Жөлөк пулду алуу үчүн ким кайрылышы керек?
Ата-эненин бири же камкорчу. "Үй-бүлөгө көмөк" бардык документтер берилген соң кийинки айдын биринен баштап бир жылдык мөөнөткө берилет. Андан кийин документтерди жаңылап, киреше кайра эсептелет. Бала 16 жаштан ашкандан кийин ага жөлөк пул чегерилбейт. Эгер бала мамлекеттин толук камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөк пул чыкпайт.

Дайындалган жөлөк пул кайдан төлөнөт?
Банк аркылуу төлөнөт, эгер банк жок болсо, почта бөлүмдөрү аркылуу берилет.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter