У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2022-жылы электр энергиясын импорттоого 1,2 миллиард сом бөлүнгөн


2022-жылдын башынан бери электр энергиясын импорттоого 1,2 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Туруктуу энергетика боюнча улуттук форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
 
Анын айтымында, өткөн жылы электр энергиясын сатып алууга 3,4 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
 
«Ушул күз-кыш мезгилинде башка көйгөйлөр менен катар электр энергиясын импорттоону да баштан кечирип жатабыз. Бүгүнкү күндө анын тартыштыгы 6 миллиард киловатт-саатка жакын. Анын ичинен 3 миллиард киловатт-сааты импорттун эсебинен жабылууда. Ал эми жаңы келечектүү өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү үчүн дагы 3 миллиард керектелет», - дейт Акылбек Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter