У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК «Айыл Банктын» төрт жооптуу кызматкерин кармады


Коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан «Айыл Банктын» үч жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
 
2017-жылы “Айыл-Банк” ачык акционердик коому тарабынан “Россиф” жеке ишканасына 3,5 млн. доллар (295,7 млн. сом) насыя мыйзамсыз берилген. “Россиф” банкка күрөөгө койгон 348,5 млн. сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын баасы боюнча болгону 271,8 млн. сомго гана бааланган. Ортодогу айырма 76,6 млн. сомду түзгөн. Сметалык наркынын айырмасы 76,6 миллион сомду түзөт.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 8-февралда УКМК тарабынан «Айыл Банктын» төрт жооптуу кызматкери – М.Н.Т., Ш.У.Ж., С.М.А. жана А.Ж.А. кармалган.
 
Банк түзгөн туруктуу коррупциялык схема кредиттерди берүүдө коммерциялык субъекттердин кызыкчылыктарын лоббирлөөдө туюндурулганы көрсөтүлгөн. Кармалгандардын баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter