У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Дамир Дүйшөнов жетектейт


 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жаңы башкы дарыгерин дайындады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
 
Анын айтымында, оорукананы башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2004-2019-жылдары аталган ооруканада травматолог, 2019-жылдан бери Токмок аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүн жетектеп келген.
 
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Тез жардам клиникалык ооруканасы болуп өзгөртүлгөн. Ага жаӊы жетекчи болуп Гулия Кожокматова дайындалган. Бирок оорукана Тез жардам клиникалык ооруканасы болуп өзгөртүлгөнүнө байланыштуу директорлук кызмат жоюлган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter