У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-класска кабыл алууда балдар билим деӊгээлин текшерген сынактан өтөбү? Министрликтин жообу…


Балдарды биринчи класска кабыл алууда сынактар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, мектеп жашына жеткен бардык балдар «Электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу алардын даярдык деңгээлине карабастан 1-класска кабыл алынат.
 
Балдарды биринчи класска кабыл алууда баланын ар кандай окуу дисциплиналары боюнча билим деңгээлин аныктоо үчүн өткөрүүгө жол берилбейт.
 
«Баланын өнүгүү деңгээлин аныктоо, андан кийин конкреттүү мугалимдерге жана класс жетекчилерге сунуштарды берүү максатында маектешүүгө уруксат берилет. Бирок билим деңгээлин аныктоого багытталган ар кандай сынактарды өткөрүүгө болбойт. Бул биздин мыйзамдарга каршы келет», - деди министрдин орун басары Надира Жусупбекова.
 
Белгилей кетсек, мектептерге 1-класска баруучуларды электрондук кабыл алуу 11-апрелде башталат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter