У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура: Бишкек ЭЭАнын аймагында алтын бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлүп келген


 Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте курамында баалуу металлдар бар кендерди кайра иштетүүдө мыйзамсыз аракеттерди аныктады. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Белгиленгендей, Бишкек ЭЭАнын аймагында курамында алтын бар рудаларды мыйзамсыз иштетүү фактылары аныкталган.
 
«Жеке фирмалардын бири бажы кызматкерлеринин жана Бишкек ЭЭАнын көмүскө макулдугу жана көмөгү менен узак убакыттан бери эч кандай уруксаат кагаздары жок, техникалык жана экологиялык коопсуздук стандарттарын бузуу менен,алтын өндүрүп келген», — деп айтылат маалыматта.
 
Ачылган фактылар боюнча республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter