У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалды.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталганы кабарланды.

“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде ал Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter