У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиядагы мигранттардын орточо айлыгы канча экени айтылды

   
Россиядагы мигранттардын орточо айлыгы 47 миң 100 рублди түзөт. Бул тууралуу Россиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, адистер 2021-жылы Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан баргандардан, жалпысынан 4739 мигранттан сурамжылоо жүргүзүп, изилдөө жүргүзүшкөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, жаңы келгендер орточо эсеп менен 77 200 рубль табууну каалашат экен.
 
Ошондой эле орус тилин начар билгендер 37 миң рубль, ал эми жакшы билгендер 49 миң рубль алаары белгиленген.
 
Мигранттардын 54,4 пайызы өз өлкөсүндө айлыктын аздыгынан Россияга барса, 30,5 пайызы өз өлкөсүндө жумуштун жоктугун белгилеген, 18 пайызы жалпы жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө нааразы экенин айткан.
 
Вадим Коженов сурамжылоого алынган мигранттардын 27,5 пайызы күнүнө сегиз сааттан он саатка чейин, 22 пайыздан азы сегиз саат же андан азыраак иштешээрин баса белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter