У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук банк доллар сатуу боюнча рекорддук интервенция жасады

 
Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна ноябрь айынын башында биринчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуучу органдын сайты билдирди.
 
Маалыматка ылайык, бул жолу 55,4 миллион доллар сатылды. Бул акыркы алты айдагы эң чоң интервенциялардын бири.
 
2021-жылдын башынан бери Улуттук банк он интервенция жасап, 454 миллион 350 миң доллар сатты.
 
Белгилей кетсек, КР Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенцияларды жүргүзүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter