У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ипотекалык насыялоо мөөнөтү 25 жылга чейин өзгөртүлөт


Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары депутат Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.
 
Мыйзам долбоорунда ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 25 жылга чейин өзгөртүү сунушталууда.
 
Бул мыйзам долбоорунун максаты - ипотекалык насыялоо мөөнөтүн 25 жылга чейин өзгөртүү жана насыяны төлөө учурундагы жаш куракты 65 жаштан 70 жашка чейин көтөрүү. Бул 70 жашка чейинки жарандарга программага катышууга жана жеңилдетилген шарттарда турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
 
“Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору иштелип чыкты, анда ипотекалык насыялоонун мөөнөтү боюнча негизги жоболор кайра каралат. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева менен биргеликте иштелип чыгып, учурда коомдук талкуулоо үчүн парламенттин расмий сайтында жарыяланды
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter