У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда электр энергиясын керектөө кескин өстү


Октябрь айында Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 1 миллиард 396 миллион 957 миң киловатт-саатка чейин өскөнүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
 
Өткөн жылдын октябрь айында керектөө 1 миллиард 286 миллион 78 миң киловатт-саатты түзгөн. Башкача айтканда, дээрлик 112 миллион киловатт-саатка кебейду
 
"Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен калкка жана башка керектөөчүлөргө кайрылат", — деп айтылат маалыматта.
 
Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион метр кубду түздү. Ал эми суткалык агып кириши секундуна 198 кубометр, керектөө 458 куб метрди түздү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter