У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 миллион доллар берет


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргыз өкмөтүнө COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууга көмөктөшүү боюнча 25 миллион долларлык долбоорду жактырды. Бул тууралуу аталган банктын сайтында маалымдалды.
 
АӨБнын жардамы бирдей үлүштөгү кредит жана гранттан турат. Ал COVID-19 вакцинасынын болжол менен 1,7 миллион дозасын, ошондой эле вакцина шприцтерин утилизациялоо үчүн шприцтерди жана коргоочу контейнерлерди сатып алуу жана жеткирүү аркылуу Кыргызстандын COVID-19 вакцинациясын жайылтуу боюнча Улуттук планына колдоо көрсөтөт.
 
«Эмдөө COVID-19нын жайылышын азайтуу жана жоготуулардын алдын алуу үчүн өтө маанилүү. Бул долбоор Кыргызстандагы адамдарды коргоого жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуудагы ийгиликтерин калыбына келтирүүгө жардам берет”, - деди АӨБ президенти Масатсугу Асакава.
 
АӨБнын COVID-19 вакцинациясын колдоо долбоору 760 000ден ашык адамды же республиканын калкынын 12 пайызга жакынын эмдөөгө жардам берет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter