У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жигитин жерге бергенден кийин 19 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйган


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жигитинин акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин кыз өз жанын кыйды. Жигити жол кырсыгынан каза болгон.
 
Маалым болгондой, кыздын жигити Бишкек шаарынан Бөкөнбаев айылын көздөй келе жатып, Кант шаарына жакын жерде жол кырсыгына кабылган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-октябрда Бөкөнбаев айылында өттү. Кыз акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, унаа менен Эшперов айылындагы үйүнө кайтып келген. Бирок ал үйгө кирген эмес. 
 
Кыз башка унаага отуруп, Тоң айылындагы көл жээгине бет алган. 27-октябрь күнү эртең менен кыз асынып алган абалда табылган.
 
 Эске салсак, 27-октябрь күнү саат 07:00дөр чамасында Тоң районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылындагы көлдүн жээгинде асынып каза болгон кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
 
Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, кыздын өздүгү такталган. Ал дайынсыз жоголгон 19 жаштагы С.А. экени белгилүү болгон. Сөөккө сырттан кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter