У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акыркы жети айда Кыргызстандан тышка 291 млн. 980 миӊ доллар которулду


Ушул жылдын акыркы жети айында Кыргызстандан тышка 291 миллион 980 миӊ доллар которулган. Бул жеке тараптар атайын система аркылуу которгон каражат.  Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти. 
 
Бул көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында тышка акча которуудагы эӊ чоӊ көрсөткүч болуп калды. Ошондой эле өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу ондогон миллион долларга көп. Тактап айтканды быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 32,8 миллион долларга көп каражат тышка которулган.
 
2020- жылдын сегиз айында тышка 259 миллион 230 миң доллар, 2019-жылы 291 миллион 970 миң доллар, 2018- жылы  285 миллион 250 миң доллар каражат которулган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter