У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таалайбек Ибраев: Кышында электр энергиясына чектөөлөр болбойт


 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди.
 
Анын айтымында, Түркмөнстандан Өзбекстан аркылуу транзит менен күнүнө 2,5 миллион киловатт саат электр энергиясы импорттолот.
 
«Кыш мезгилинде электр энергиясына чектөөлөр болбойт. Бөлүштүрүүчү компаниялардын ремонтунун 80 пайызы бүттү. График боюнча ГЭСте оңдоо иштери 10-15 пайызга бүтүшү керек, бөлүштүрүүчү компаниялар 1-октябрга чейин жыйынтык чыгарышат. Дүйшөмбү күнү министрликте күзгү-кышкы даярдык боюнча штабдын жыйыны өттү. Кышка даярдык жакшы”, - дейт Таалайбек Ибраев.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter