У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сентябрь айында күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн


Сентябрь айында күйүүчү майдын баасы эки сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер биримдиги билдирди. 
 
Күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө Россиядан келе турган күйүүчү майга экспорттук бажы пошлинасынын киргизилүүсү себеп болууда. 
 
Уюм белгилегендей, акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан Россиядан күйүүчү майды пошлинасыз алып жаткан. Пошлинасыз бериле турган майдын көлөмү август айында түгөнгөн. 1-сентябрдан тартып күйүүчү майга бажы пошлинасы кошулат. Ошондуктан күйүүчү майдын баасы дагы эки сомго жогорулашы мүмкүн. 
 
«Буга чейин биз индикативдик баланстагы мунай продуктыларынын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен Энергетика жана өнөр жай министрлигине кайрылганбыз. Министрлик Россиянын Энергетика министрлигине суроо -талап жөнөттү, бирок Россия Федерациясы ички рыноктогу чектелген ресурстарга байланыштуу экспортко тыюу салуу мүмкүндүгүн айтып, күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү кайра кароодон баш тартты», - деп билдиришти Мунай биримдигинен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter