У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде 5 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык жүк кармалды


“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар - Апкан унаа жолунда Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан DAF үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилди. Жүк ташыган унаадан үй тиричилигине керектүүү товарлар, кийим-кече табылды. Жүктүн болжолдуу жалпы наркы 5 миллион сомдон ашат», - деп билдиришти мекемеден.

Белгиленгендей, айдоочу жүктөрдү ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди көрсөтө алган эмес. Унаага мөөр басылып, коопсуз жайга киргизилген. Учурда аткезчилик боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter