У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл түшүм 20-50 пайызга аз жыйналат


Быйыл түшүм 20 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу айыл чарба министри Жаныбек Керималиев парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Депутат Нурлан Сырдыбаев министр менен макул болгон жок. Анын айтымында, быйыл 2020-жылга караганда түшүм 50 пайызга аз болот.

«Чүй облусунда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүлүүгү өтө төмөн, аны комбайн менен жыйноо мүмкүн эмес. Дыйкандар 20 центнердин ордуна 10 центр гана түшүм алабыз деп жатышат, ошондуктан түшүм 50 пайызга аз болот”, - деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов абал оор экенин мойнуна алды.

«Мен эрте себилип, азыр жыйнап алууга боло турган эгин талааларды көрдүм. Жалпысынан абал начар. Ошондуктан буудайды азыртан сатып алып, Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна топтошубуз керек», - деди министрлер кабинетинин башчысы.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter